Кыргызстандык спортчу Валентина Шевченконун UFC'деги кийинки атаандашы белгилүү болду.
Маалыматтарга ылайык, UFC'нин жеңил салмактагы учурдагы чемпиону Валентина Шевченко өзүнүн кийинки чемпиондук наамын коргоо беттешин 16-ноябрда АКШда өтө турган UFC 322 турниринин алкагында өткөрөт. Анын атаандашы Кытайдын жеңил салмактагы чемпиону Вэйли Жанг болот.
Беттеш 57 килограммга чейинки салмактык категорияда өтөт.
Айта кетсек, 11-майда Шевченко UFC 315 турниринин алкагында франциялык Манон Фиорону жеңип, чемпиондук курун коргоп калды.