Жалал-Абад шаарынын кире беришиндеги арка, жаңы административдик имарат жана "Жалал-Абад" деген жазуусу бар, мамлекеттик туу тургузулган тоо камтылган өзгөчө торт жасалды.
Социалдык баракчаларга тараган видеодо аны жасагандар Эгемендүүлүктүн 34 жылдыгы белгилөө үчүн барган президент Садыр Жапаровго жана УКМК башчысы Камчыбек Ташиевге белек болорун билдиришти. Торт 1,5 метр болуп жасалган.
"Президентибиз менен генералыбызга аталды бул торт. Бир жума долбоордун үстүндө, 100гө жакын эже-карындаштарыбыз өз колдору менен жасашты. Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө президентибиз менен генералыбыздын салымы аябай көп", - деди ал.