Турак жай комплекси 5 тогуз кабаттуу блоктон турат жана 450 батирди камтыйт. Аймакта ошондой эле балдар жана воркаут аянтчалары, жер үстүндөгү жана жер астындагы унаа токтотуучу жайлар каралган.
"Кыргыз элинин турмушунда үйлүү болуу – эң чоң жакшылыктардын бири. Ак өргөөлүү болуп жаткан жарандарыбыздын мындай сүйүнүчү Кыргызстандын эгемендигинин 34 жылдыгы менен дал келип жатканы өзгөчө эстен кеткис учур болуп калат", - деди президент Садыр Жапаров эл алдында.
Өлкө боюнча "Менин үйүм" мамлекеттик турак жай программасынын алкагында 70 миңден ашык батир курулуп жатат, анын ичинен 13 миңден ашууну Жалал-Абад облусунда.
Мамлекет башчысы Жеңи-Жок көчөсүндө курулуп жаткан "Асман Резиденс-3" турак жай комплексинин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тогуз кабаттуу үйдүн курулушу өткөн жылдын март айында башталган. Батирлердин жалпы саны 135ти түзөт.