Бүгүн, 31-августта саат 14:30 чамасында Бишкек шаарындагы Гагарин көчөсүндө үрөй учурган жол кырсыгы катталды.
Анда Hyundai Palisade үлгүсүндөгү унааны башкарып бара жаткан айдоочу жөө өтмөктөгү төрт кишини сүзүп, изин жашырып кетти. Кырсыктан улам 1954-жылы туулган М.А. окуя болгон жерде каза болуп, калган үчөө түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилди.
Шаардык милициянын кайгуул кызматынын инспекторлору унааны мас абалда айдап жүргөн 1981-жылы туулган М.С. аттуу жаранды кармашты. Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 4-бөлүгү (Мас абалда адам өлүмүнө алып келген жол кырсыгы) боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.