Чүйдүн Аламүдүн районундагы Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын жогору тарабында дайынсыз болуп жаткан 4 өспүрүм аман-эсен куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик кечээ, 31-августта 15 жаштагы 3 жана 16 жаштагы 1 бала дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөнүн белгиледи. Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн 5 куткаруучу тартылган.
Натыйжада жаш балдар аман-эсен куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилген. ӨКМ ата-энелер куткаруучуларга ыраазычылык билдирип, кечиктирилгис жардамдарын жана кесипкөй ишмердүүлүгүн жогору баалашканын кошумчалады.