Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров Вьетнамдын премьер-министри менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрда Кытайга болгон иш сапарынын алкагында Тяньцзинь шаарында Вьетнамдын премьер-министри Фам Минь Тинь менен жолугушуу өткөрдү.

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызмат кабарлады.

Жолугушууда эки тараптуу мамилелердин абалы, актуалдуу маселелери жана өнүгүү келечеги, эл аралык уюмдардын алкагында көп жактуу кызматташуу талкууланды.

Жапаров жана Фам Минь Тинь өз ара кызыкчылык туудурган ар кандай тармактарда өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Ошондой эле тараптар өз ара сапарларды ишке ашыруу боюнча макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан