Биз социалдык тармакта

Президент ооган элине жана жетекчилигине көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Ооганстандын Кунар провинциясында болгон кыйратуучу жер титирөөдөн улам көптөгөн адамдардын өмүрү кыйылганына байланыштуу ооган элине жана жетекчилигине көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Чет элдик басылмалар жазгандай, Ооганстанда катуу жер титирөөдөн 700дөн ашуун адам каза болуп, 1500дөн ашык адам жаракат алды. Кырсык өлкөнүн чыгышындагы Жалалабад шаарынын аймагында 1-сентябрга караган түнү болгон. Күчү 6 баллга жеткен жер титирөө шаарга чоң зыян келтирген. Бир нече айыл толугу менен талкаланып калган.

Учурда куткаруу операциясы башталып, жабыркагандарга жардам көрсөтүлүүдө.





РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан