Жаштар арасындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалга ээ болгон Тыныстан Алыбаевге Ыраазычылык кат жана 100 000 сомдук сертификат президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн атынан тапшырылды.
Ошондой эле, анын машыктыруучусу Нурлан Раяпбаевге Ыраазычылык кат жана 50 000 сомдук сертификат ыйгарылды.
"Өлкөбүздүн намысын талашып, туубузду дүйнөгө таанытып жатканыңыздарга ыраазычылык билдирем! Келечекте Олимпиаданын жеңүүчүсү болушуңуздарга тилектешмин",- деди облус башчысы Эрмат Жумаев.