Бүгүн, 2-сентябрда Ош шаарында эт туурагычка колу кыпчылып калган жаран ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Министрлик 19 жаштагы жигит тууралуу маалымат түшөрү менен жерине 4 куткаруучу жөнөтүлгөнүн белгиледи. Алар жабырлануучунун колун эт туурагычтан чыгарып, дарыгерлерге өткөрүп беришкен.
Жабырлануучу учурда медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө.