Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Чүйдө уюшкан кылмыштуу топтун 3 мүчөсү кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, алар Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн коркутуу менен 1 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алышкан. Шектүүлөр кармалышкан соң УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Атайын кызмат учурда бул адамдардын башка кылмыштарга да катыштыгы бар-жогу такталып жатканын кошумчалады.