Ысык-Көлдүн акими үй камагына чыгарылганы белгилүү болду

Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов үй камагына чыгарылды. Маалыматты бүгүн, 2-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту ырастады.

Маалыматка ылайык, райондук сот мындай чечимди 29-августта кабыл алган. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 40-беренеси (Кылмышты аткаруучу), 336-беренесинин (Коррупция) 2-бөлүгү (Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген ошол эле жосун) боюнча айыпталууда.

Эскерте кетсек, Жапарбек Ормонов август айында кармалып, 4-сентябрга чейин камакка алынган. Ал Ысык-Көлдүн акими болуп 2023-жылдын август айында дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан