Бишкек шаарында жайгашкан "Алкан" базарындагы контейнерден өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирет.
Ага ылайык, өрт саат 00:26да чектөөгө алынды. Учурда өрттү өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылды.
Кошумча маалымат берилет.