Тилсиз жоо "Алкан" базарынын 120 чарчы метрин жалмады
Дордойдун "Алкан" базарында контейнердеги тилсиз жоо өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен өчүрүлдү.
ӨКМдин маалымат борбору билдиргендей, өрт кырсыгы өзүнө 120 чарчы метрди камтып, бактыга жараша жабыркагандар болгон жок. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган.
Айта кетсек, өрт бүгүн, 3-сентябрда саат 00:26да чектөөгө алынды.