Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков шаардын атын өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда анын басма сөз катчысы билдирди.
Коомчулук Курманбек, Барпы аталыштарын берүү керектигин айтып, кызуу талкууга түштү. Ал эми Жалал-Абад шаарын "Манас" деп атоо сунушу берилгендиги кошумчаланды.
Ормоков сунушту шаардык кеңештин жыйынында көтөрдү.