Жерден улакты алып берүүгө жардам берген Аю аргымагы көпчүлүктүн көңүлүн бурду (видео)

Чолпон-Атада көк бөрү боюнча президенттин кубогу өтүп жатат.

Бүгүн, 3-сентябрда "Сары-Өзөн" командасы менен "Шахтёр" командасы беттешке чыгып, 4:5 эсебинде "Шахтёр" утуп алды. Оюнда элдин көңүлүн өзгөчөлөнгөн аргымак бурду. 2-номур менен ойногон Жолдош Назаркуловдун Аю аргымагы оюн учурунда жерде жаткан улакты тиштеп алып ээсине өткөрүп жардам берген. Бирок аргымак ээсинин колун тиштеп алуу коркунучу жаралган.

"Кийинки жекеме-жекеге оозун байлап чыкпаса, анда оюнчуга дагы зыян жеткирип коюшу толугу менен мүмкүн",- деген комментатор.

Баяндамачы оюнчулардын колун тиштеп алышы мүмкүн деп аргымактын оозун байлаттырууну суранган.

Аю
көк бөрү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан