Бүгүн, 3-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Балбак Түлөбаев айыл башчы макамын кайра киргизүү керектигин айтты.
Ал өкмөттүн саясаты айылдарда жакшы жүрбөй жатат дейт.
"Акылбек Үсөнбекович (ред.: мурдагы өкмөт башчы) бюджетти үнөмдөйм деп жатып бийликтин негизги бутагы болгон айыл башчыларды жоготуп салган. Азыр 3 айылга бир айыл башчы кылып коюпсуңар. Айылдардагы сугат сууну, чатакты ким карайт? Өкмөттүн айылдагы саясатын ким жүргүзөт? Айыл өкмөт башчың 10 айылга кантип жетишет? Айыл башчылардын статусун кайра алып келип, муниципалдык кызматкер кылбасак, мамлекеттин саясаты айылдарда жүргүзүлбөй калды",- деди Түлөбаев.