Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы палестиналыктарды колдогон акция өткөрөт

Бүгүн, 3-сентябрда Кыргызстандын U-23 курама командасы футбол боюнча 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо этабындагы өз жүрүшүн баштайт.
Курама команданын алгачкы беттеши Палестина командасына каршы саат 20:00дө Өмүрзаков атындагы стадионунда орун алат.
Оор кырдаалды баштан кечирип жаткан Палестина элине тилектештик билдирүү максатында Кыргыз футболдук биримдиги бүгүнкү Палестина – Кыргызстан беттешинин алдында колдоо акциясын өткөрөт.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын U-23 курама командасынын оюнчулары тынчтыкты жана колдоону билдирген ак ленталар менен оюн талаасына чыгышат.
Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарында жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстандын курама командасы "Е" тайпасында Палестина, Өзбекстан жана Шри-Ланка курама командалары менен ат салышат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан