Балыкчы шаарында "Балыкчы мамлекеттик агро өнөр-жай комплекси" 1,3 гектар жер тилкеси менен мамлекеттик баланска кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган жер тилкеси курулмалары менен бирге 1992-жылы жеке менчикке өтүп кеткен. Текшерүү иштеринен соң мыйзам бузуулар аныкталып, мүлк Балыкчы шаардык мэриясынын балансына өткөрүлгөн.