Ош облусунун Кара-Суу районунда кыш заводу мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Манас айыл өкмөтүндө жайгашкан заводдун 2,475 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке жактарга сатылып кеткендиги аныкталган.
Натыйжада наркы 229 миллион 750 миң сомду түзгөн кыш заводу 2,475 гектар жери менен биргеликте мамлекеттин менчигине алынды. Текшерүү иштери Кара-Суу районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлдү.