Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдө каттоо органынын мурдагы кызматкери коррупциялык кылмыш жасоого шектелип кармалды

27-августта УКМК тарабынан Ысык-Көл району Чок-Тал айылында жайгашкан аянты 4,5 гектар болгон жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз таануу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин мурдагы бөлүм башчысы Т.А. кармалды.

Атайын кызмат билдиргендей, шектүү "Демал" айыл чарба кооперативин түзүүнүн демилгечилеринин бири болуп, Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашкан жер тилкесине жеке менчик укугун мыйзамсыз каттоону уюштурууга активдүү катышкан. Ал кызмат адамдары менен кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып жана атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу аркылуу ишке ашырган.

Мындан улам 27-августта Т.А. убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө жүргүзүлүүдө.

Каттоо органынын мурдагы кызматкери коррупциялык кылмыш жасоого шектелип кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан