Бишкектин Туңгуч кичи районундагы көп кабаттуу батирлердин короосунда мышыктарды тепкен аял камактан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Октябрь райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, ага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн соң коё берилген.
Эске салсак, 2-сентябрда социалдык тармактарда мышыктарды тээп жаткан айымдын видеосу тараган. Милиция шектүү катары 50 жаштагы жаран кармалганын кабарлаган.