Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев профессионалдар арасындагы кезектеги беттешин 6-февралда өткөрөт

Кыргызстандык мушкер Урмат Рыскелдиев АКШда профессионалдар арасындагы кезектеги беттешин 6-февралда өткөрөт. Бул тууралуу “Kyrgyz Club” билдирет.

Маалым болгондой, беттеш 70 килограмм салмакта өтүп, 6 раундга созулат. Кыргыз мушкеринин атаандашы Андрес Каликсто болмокчу.

Эске салсак, Урмат профессионалдар арасындагы биринчи беттешин 9-ноябрда Нью-Йоркто америкалык Патрик Дэйге каршы өткөргөн. 6 раунддук беттештин жыйынтыгында беттеш калыстарынын чечими менен тең чыгуу катталган.

23 жаштагы мушкер акыркы бир жылдан бери Лос-Анжелесте жашап, машыгууда. Ал профессионалдык карьерасын 2010-жылы баштап, Түштүк Кореяда жашап келген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан