Биз социалдык тармакта

 Батукаев, Көлбаев менен бирге абакта болгон... "Шүкүн" каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

Талас шаарында "Шүкүн" каймана аты менен белгилүү болгон уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат ал криминалдык идеяны колдоп, аны жайылтуу максатын көздөп, ошол эле учурда баңгизат колдонуп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар түшкөнүн белгиледи. Шектүүнүн мурда бир нече жолу оор кылмыштар менен соттолгону такталган. Тагыраагы, кримтөбөлдөр Батукаев, Көлбаев, Бокушов жана Жумагуловдор менен абактарда бирге жаза өтөгөн жана алар менен байланышы болгон.

Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, медициналык кароонун жыйынтыгында наркотикалык заттарды колдонгондугу аныкталды.

УКМК
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан