Биз социалдык тармакта

УКМК Көлбаевдин жакын тууганы мүлкүн мамлекетке өткөрүп бергенин маалымдады

Маркум Камчы Көлбаевдин жакын тууганы У.А. имараттары бар 1 гектар жер тилкесин өз ыктыяры менен Чолпон-Ата шаарынын мэриясына өткөрүп берди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Атайын кызмат мурдагы жүргүнчүлөрдү ташуучу ишкананын жер тилкеси Көлбаевге тиешелүү адамдар тарабынан кылмыш жолу менен ээлик кылынганы аныкталганын белгиледи.

УКМК уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү жана алар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан