Биз социалдык тармакта

Москва районундагы жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

Чүй облусунун Москва районундагы жер мафиясынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, "Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" фактылары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Нарзан айылдык кеңешинин төрагасы К.Т. айрым кызмат адамдары менен жең ичинен келишип алып, жер тилкелери боюнча 2013-жылкы картографиялык иш кагаздарын жасалмалагандыгы аныкталган. Анын негизинде жалпы аянты 16,84 гектар болгон айыл чарба багытындагы жер тилкелери мамлекеттин менчигинен мыйзамсыз чыгарылып, төрага жеке менчикке өткөрүп алган.
Натыйжада Нарзан айылдык кеңешинин төрагасы К.Т. кармалып, камакка алынды. Учурда кылмыштуу схеманын баардык катышуучуларын аныктоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан