Ысык-Көлдө шахмат боюнча турнир башталды

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунда III Түрк Универсиадасынын алкагында шахмат боюнча турнир старт алды. Бул боюнча Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.
Аталган мелдешке Азербайжан, Түркия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандын шахматчылары катышып, күч сынашууда.
Кыргызстандын атынан төмөнкү спортчулар катышууда:
  • Орозбаев Элдияр (эл аралык чебер),
  • Жакшылыков Эржан (эл аралык чебер),
  • Советбекова Нурай (ФИДЕ чебери),
  • Жаныбекова Бегимай (Чеберге талапкер).
  • Команда капитаны: Базакечов Эсенбек
Бүгүн турнирдин биринчи туру аяктады. Эртең кийинки турлар менен уланат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан