Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда спорттун беш түрү боюнча мелдеш уюштурулду

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда 14-21-январга чейинки аралыкта профессордук-окутуучулук курамы жана чарба кызматкерлери тарабынан түзүлгөн командалардын ортосунда спорттун  баскетбол, волейбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис түрлөрү боюнча өткөрүлүүчү  спорттук мелдештер башталды. Бул тууралуу аталган окуу жайдын басма сөз кызматы билдирди.

"Жыл сайын январь айында мелдеш өткөрөбүз. Мелдештин негизги максаты окуу жайдагы жалпы жамааттын  ортосунда достукту чыңдоо, серек жашоого үндөө, спортко болгон кызыгууну арттыруу, окутуучулар, кызматкерлер ортосунда мыкты спортчуларды тандоо болуп саналат",-  дейт дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы А.Капаров.

Оюндун ар бир түрү боюнча жеңишке жетишкен командаларга сыйлыктар тапшырылмакчы. Мындан сырткары оюн мезгилинде активдүүлүгүн көрсөтүп, өзгөчө спорттук чеберчилиги менен айырмаланган 10 окутуучуга 500 сомдон акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Эскерте кетсек, мелдешке окуу жай тарабынан 20 000 сом байге каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан