Биз социалдык тармакта

Кең-Сайдагы коммуналдык курулуштарды аткарган подряддык уюмдардын 5 жетекчиси кармалды

Ош облусунун Кең-Сай конушундагы жолдорду, суу түтүктөрүн жана электр энергиясын курууда бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана уурдоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-снтябрда УКМКнын маалымат борбору билдирди.

Маалым болгондой, текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө "А.Б.", "А.Н.", "Б.С.", "Ю" "С.С.", "С.Н." ЖЧК подряддык уюмдары тарабынан аткарылган иштердин алдын ала зыяны 18 миллион сомду түздү. Аталган компаниялардын жетекчилери тергөө абагына киргизилди.

Учурда жасалган кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого жана кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү чараларды көрүү улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан