Дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиев Ош облусунун жетекчисинен акчалай сыйлык алды

Бүгүн, 5-августта Ош облусунун башчысы Элчибек Жантаев грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Жантөрө Мирзалиевди кабыл алды. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүк билдирди.
Облус жетекчиси спортчуну жеңиши менен куттуктап, ага 50 миң сом акчалай сыйлык жана баалуу белектерди тапшырды.
Айта кетсек, Мирзалиев 17-24-август күндөрү Болгариянын Сомаков шаарында өткөн спорттун грек-рим күрөшү боюнча U-20 өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль тагынып, Кыргызстандын тарыхында 6-болуп дүйнө чемпиону аталды.
Балбан 2005-жылы Ош облусунун Өзгөн районундагы Чымбай айылында туулган. Ал 2022-жылы 17 жашка чейинкилер арасында өткөн Азия чемпиондугунда алтын медаль уткан. 2023-жылы Иорданиянын Амман шаарында өткөн дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль тагынса, 2025-жылы Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда 1-орунду камсыз кылып, Азия чемпиону аталган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан