Бул жолу SUPER.KG порталы азербайжандык ырчы Роза Зергерли катышкан жабык кечеге барды. Ага өлкөбүздүн белгилүү ырчылары, блогерлер, ишкерлер катышышты.
Иш-чарада белгилүү ырчы өз таланты менен конокторду кубандырды.
Зергерлинин айтымында, ал Кыргызстанга буга чейин дагы келип кеткен. Ал үчүн өлкө өз үйүндөй сезилерин белгиледи.
Белгилей кетсек, Роза Зергерли Бишкек шаарында 5-6-сентябрда концерт коёт.
Видеорепортажды толугу менен порталыбыздын Ютуб каналынан көрүңүз.