Биз социалдык тармакта

Бишкекте кырсыктан скутер айдаган жигит каза болду

Бишкекте Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа скутерди сүзүп кетти. Кырсыктын кесепетинен 21 жаштагы скутердин айдоочусу каза болду. Бул маалыматты шаардык кайгуул кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, кырсык бүгүн, 6-сентябрда саат 10:30 чамасында болгон.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусунун айтымында, ал кырсыкты байкабай калып, унааны айдап кеткен, андан кийин кырсык тууралуу маалымат берилип, жерине кайтып келген.

Аталган факт Бишкек шаардык милициясында каттоого алынып, бардык тиешелүү экспертизалар дайындалып, алдын ала тергөө иштери жүрүп жатат. Ал эми унаа айып жайга киргизилди.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан