Футбол U-23: Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары тең чыкты

Бүгүн, 6-сентябрда Кыргызстандын U-23 Олимпиадалык курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо оюндарынын алкагында Өзбекстан курама командасы менен кез келди.

Мелдеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо орун алды.

Беттеш эки команданын тең чыгуусу менен, тактап айтканда, 2:2 эсебинде аяктады.

Тандоо оюндарынын экинчи турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан курама командасы 4 упай менен турнирдик жадыбалда экинчи орунду ээлеп турат. Өзбекстан курамабыздан голдордун айырмасы боюнча 4 упай менен биринчи орунда. Палестина (3 упай) - үчүнчү орунду, Шри-Ланка (0 упай) акыркы орунду ээлеп турат.

Эске салсак, 2026-жылдагы Азия Кубогунун тандоо оюндарына жалпы 44 команда катышып, 11 тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан курама командасы «Е» тайпасында ойноп жатат. Эми курама Шри-Ланка курама командасы менен 9-сентябрда күч сынашат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан