Биз социалдык тармакта

Батирдин каалгасын өрттөөгө аракет кылды делген чет элдик аныкталды

Социалдык тармактарда калаанын 5-кичи районундагы көп кабаттуу үйдүн кире бериштеринин биринде белгисиз адам батирдин эшигин өрттөөгө аракет кылды делген видео тараган.

Бул факты Октябрь РИИБинин маалыматтарды каттоо журналына киргизилип, текшерүү иштери башталды.

Анын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 2005-жылы туулган Ш.И. аттуу чет элдик жаран аныкталып, бөлүмгө жеткирилген.

Сурак учурунда ал атайылап өрт коюу же башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү максаты болбогонун айткан. Анын айтымында, тепкичтен түшүп бара жатып, кулпунун жанынан жөргөмүштү көрүп калып, аны зажигалка менен күйгүзүп жиберген.

Учурда берилген түшүндүрмөлөр текшерилип жатат. Анын жыйынтыгына жараша жарандын аракеттерине укуктук баа берилет.

07.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан