Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Өлкөнүн ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Маалымдалгандай, документ шаар тургундарынын кайрылуусунун негизинде даярдалган.

Мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр айкѳл Манастын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан