Белгилүү азербайжан ырчысы Роза Зергерли 7-сентябрда Бишкекте өткөн концертинде майыптыгы бар аялдарга жардам берүү фондун түзөрүн билдирди.
Айтымында, бул идея ага 6-сентябрдагы концертинде коляскада отурган аялга жолуккандан кийин келген.
Ырчы түнү бою ойлонуп, майыптыгы бар аялдарга жардам берүү фондун түзүүнү чечкенин айтты.
Айта кетсек, Роза Зергерли 6-7-сентябрь күндөрү Бишкектеги Каба улуу Кожомкул атындагы спорт ордосунда концерт берди.