Өлкө башчысы Садыр Жапаров ипотекалык батирлерди баштапкы төлөмсүз берүү мерчемделип жатканын айтты. Бул тууралуу ал Мамлекеттик ипотекалык компаниянын 10 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
"Көп балалуу үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга жана жаш адистерге социалдык ипотеканы жылдык 4 пайыз менен жана баштапкы төлөмсүз берүү мерчемделүүдө. Мындай жеңилдик мамлекеттик кызматкерлерге жана социалдык тармактагы кызматкерлерге да каралат.
Ошондой эле жарандар үчүн жеткиликтүү ипотеканы жылдык 8 пайыз менен баштапкы төлөмсүз берүүнү максат кылып жатабыз ", - деди президент.