Футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган Казакстандын жараны 3 жылга кесилди

Белгилүү футболчу Эмил Кенжесариевди сабаган деген шек менен кармалган Казакстандын жараны 20 жаштагы Бейбит Узакбай 3 жылга кесилди. Бул тууралуу кечээ, 15-январда казакстандык маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, түнкү клубдардын биринде күзөт кызматында иштеген Бейбит Узакбай соттук отурумда күнөөсүн моюнуна алып, бирөөнүн ден соолугуна оор залака келтиргендиги үчүн 3 жылга кесилди. Соттун чечими жакынкы 15 күн ичинде күчүнө кирет.  

Эске салсак, футболдук ишмердүүлүгүн Кыргызстанда баштап, кийин казакстандык “Актөбе” клубунда ойногон Эмил Кенжесариев 2013-жылы 11-августка караган түнү Алматы шаарында оор абалда ооруканага жеткирилген. Комада жаткан футболчунун баш сөөгү кесилип, дароо операция жасалган. Ага акыркы операция Израилде жасалып, жыйынтыгы жакшы экени маалымдалган. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
acer11
2014-01-16 15:28:49
Эмнеге аз убакытга камады.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан