"Утпасак болбой калды эле". Манас Ниязовдун оюндан кийинки сүйүнүчү

31-августтан-7-сентябрга чейин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.

Финалда эль-класико болгон “Достук” менен “Ынтымак” командасы кез келип, жыйынтыгында 5:4 эсеби менен "Достук" чемпион аталды.

Оюндан кийин Манас Ниязов интервью берип, жакшы даярдык менен чыгышканын айткан.

"Жеңиш бизге буйруган экен. Жакшы даярданганбыз. Эмгектин үзүрү кайтты. Утпасак болбой калды эле, сүйлөшүп, уталы деп чыкканбыз. Салым көп сала албадым, оюнда мени катуу карашат негизи эле. Оюнду сагынып калдык эле, элдер дагы көрүп сүйүнүп кетти. Баары жакшы өттү, эң башкысы кырсыксыз",- деди ал.

Манас Ниязов оюндан кийинки интервью. Видео: Көк бөрү кж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан