Белгилүү улакчы Рустам Тыналиев жеңиштен кийин 20 жыл бул жеңишти күткөнүн айтып, кубанычы менен тең бөлүштү.
"Бул кубокту 20 жыл күттүм, мен үчүн аябай кубанычтуу күн. Тарыхымда биринчи жолу президенттин кубогун уттум. Кыргыз элинин майрамы менен куттуктайм. Жалпы элге чоң рахмат. Биздин күйөрмандарга ыраазычылык билдирем. "Достук" командасына чоң рахмат", - деди ал.
Эске салсак, 31-августтан-7-сентябрга чейин Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгына арналган көк бөрү боюнча президенттин кубогу Чолпон-Ата шаарында өттү.
Финалда "Эль классико" деп аталган “Достук” менен “Ынтымак” командасы кез келип, жыйынтыгында 5:4 эсеби менен "Достук" чемпион аталды.