27–28-сентябрда Прагада дзюдо боюнча эл аралык The Prague European Open – 2025 турнири өтөт. Бул тууралуу Дзюдо эл аралык федерациясынын расмий сайтында жарыяланды.
Маалым болгондой, Кыргызстандын атынан 6 оюнчу катышат. 66 килограмм салмак ченинде Ханболот Ырысбеков менен Саламат уулу Байбол катышса, 81 килограмм салмак категориясында Алмазжан уулу Тегин, Сагыналиев Чыңгызхан жана Канатбеков Адилет килем үстүнө чыгышат. Ошондой эле 90 килограммга чейинки салмак боюнча Науфаль Завражный оюн көрсөтөт.
Белгилей кетсек, турнирге 36 өлкөнүн ичинен 466 оюнчу катышат.