Биз социалдык тармакта

Бишкекте мушташка катыштыгы бар 3 жаран кармалды (видео)

Кечээ, 8-сентябрда саат 04:00 чамасында Бишкек шаарындагы Дэн Сяопин менен Интергельпо көчөлөрүнүн кесилишинде мушташ катталды. Бул тууралуу Ленин РИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу жөнөтүлүп, милиция кызматкерлери мушташка катыштыгы бар 1998-жылкы туулган Ж.Ж., Ж.Б. жана С.Б. аттуу жарандарды кармашты.
Жабырлануучу 2002-жылы туулган Р.А. аттуу жаран медициналык мекемеге жеткирилди. Ал арыз жазуудан баш тарткан.
Кармалгандарга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протоколдор түзүлүп, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Мушташка катыштыгы бар 3 жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан