Биз социалдык тармакта

Жалал-Абад шаарынын атын өзгөртүү демилгеси парламент комитетинде каралат

Президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилерин билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында маалымат берди.

Абытов депутаттардан аталган мыйзам долбоорун комитетте кечиктирбестен кезексиз карап берүүнү суранды. Натыйжада маселе комитет жыйынында каралмай болду.

Буга чейин Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков калаанын атын өзгөртүү элдин талабы экенин айтып, шаардын атын Манас деп өзгөртүү сунушталып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан