Биз социалдык тармакта

Кара-Сууда башкаларга 4 миллион сомго жакын насыя алдырып төлөбөй жүргөн эки аял кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда документтердин жасалмасын жасоо аркылуу башкаларга насыя алдыртып, төлөбөй жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, милицияга июлда 11 жергиликтүү тургун арыз менен кайрылды. Анын алкагында Х.Т. аттуу жаран 2024-жылдын декабрь айынан баштап, 2025-жылдын июнь айына чейин Кара-Суудагы сактык кассаларынан жабырлануучуларга 500 миң сомго чейинки насыя алдыртып, төлөбөй койгондугу аныкталды. Шектүү катары жогорудагы жаран менен сактык кассасынын кредит бөлүмүнүн мурдагы адиси Б.Г. кармалды. Экөө биригип жалпы 4 миллион сомдон ашык насыя кредиттерин алышып, анын көбүн өздөрүнүн пайдасына коротушканы аныкталды.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүмү (Документтердин жасалмасын жасоо) менен кылмыш иши козголуп, кармалган 2 аял тил кат менен үй камагына чыгарылды. Тергөө иштери жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kari
2025-09-11 05:05:00
4 миллион менен уй камагына чыкса,барга кен дуйно,жокторго тар дуйно экен да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан