Биз социалдык тармакта

Көмүрканага көмүп салган... Чүйдө 29 жаштагы жаран 4 жыл мурун өгөй атасын өлтүргөн деп кармалды 

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектелип 29 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын март айынан бери 51 жаштагы киши дайынсыз болуп келген. Аны издөө иштеринен эч кандай натыйжа чыккан эмес. Быйыл 4-сентябрда дайынсыз жоголгон жарандын жашаган жериндеги көмүрканадан анын сөөгү табылган. Шектүү катары маркумдун өгөй баласы кармалды.

Тергөөдө 2021-жылдын март айында алардын ортосунда чыр-чатак болуп, 29 жаштагы жаран өгөй атасын өлүмгө жеткире ур-токмокко алганы аныкталды. Шектүү кылмышты жашыруу үчүн маркумду көмүп салган.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тийиштүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан