Футбол U-23: Кыргызстан–Шри-Ланка оюну башталды (фото)

Кыргызстандын U-23 курамасы 2026-жылкы Азия Кубогунун тандоо турунда ийгиликтүү башталыш жасап, Палестина курама командасын 2:1 эсебинде жеңген. Ал эми экинчи беттешинде Өзбекстан менен ойноп, беттеш 2:2 эсебинде тең чыгуу менен аяктаган.

Бүгүн, 9-сентябрда Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттеши – Кыргызстан–Шри-Ланка оюну башталды.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат.

Беттеш алдында күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа даярдалып, көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Арабиясы автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү – 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт команда финалдык баскычка жолдомо алышат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан