Биз социалдык тармакта

Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын курамасын колдоо үчүн стадионго келди (фото)

Президент Садыр Жапаров футбол боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасын жеке колдоо үчүн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионго келди.

Кыргызстандын курамасы Шри-Ланка менен ойноп жатат. Оюн футбол боюнча (U-23) Азия Кубогуна тандоонун алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Арабиясы автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү – 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт команда финалдык баскычка жолдомо алышат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан