Кыргызстан–Шри-Ланка беттеши: Оюндун биринчи бөлүгү 2:0 эсеби менен аяктады

Бүгүн, 9-сентябрда Олимпиадалык кураманын чечүүчү беттеши, тагыраагы, Кыргызстандын U-23 курамасы Шри-Ланка менен беттешүүдө.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргызстандык оюнчу Марлен Мырзакматов эки жолу гол киргизди. Азырынча эсеп саны 2:0.

Беттеш Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жатат. Оюндун алдында күйөрмандар үчүн чоң шоу-программа даярдалып, көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, финалдык этапка 16 мыкты команда чыгат: турнирдин кожоюну Сауд Арабиясы автоматтык түрдө катышат, ошондой эле ар бир тайпанын жеңүүчүлөрү – 11 команда жана эң мыкты көрсөткүчкө ээ болгон экинчи орундагы төрт команда финалдык баскычка жолдомо алышат.

Азия Кубогунун финалдык этабы 2026-жылдын январь айында Сауд Арабиясында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан