Аргентина курама командасынын жана каталондук “Барселона” футболдук клубунун чабуулчусу Лионель Месси УЕФАнын расмий сайтынын колдонуучулары тарабынан түзүлгөн 2013-жылдын символикалык курама командасына кирбей калды. Бул тууралуу бүгүн, УЕФАнын расмий сайты билдирет.
Маалым болгондой, добуш берүүгө 6 миллиондон ашык колдонуучу катышкан. Тизмеге жакында гана ФИФАнын версиясы боюнча 2013-жылдагы “Мыкты футболчу” наамын алган Криштиану Роналду карьерасында 8-ирет кирип, рекорд койду. Символикалык курамда каталондук “Барселонанын” бир дагы футболчусун кезиктирүү мүмкүн эмес. Курам төмөнкүчө:
Дарбазачы: Мануэль Нойер (Германия курама командасынын жана “Бавариянын” дарбазачысы).
Коргоочулар: Серхио Рамос (Испания, “Реал”), Тьяго Силва (Бразилия, ПСЖ), Филипп Лам (Германия, “Бавария”), Давид Алаба (Австрия, “Бавария”).
Жарым коргоочулар: Франк Рибери (Франция, “Бавария”), Марко Ройс (Германия, “Боруссия”), Месут Өзил (Германия, “Арсенал”), Гарет Бэйл (Уэльс, “Реал”).
Чабуулчулар: Криштиану Роналду (Португалия, “Реал”), Златан Ибрагимович (Швеция, ПСЖ).