Биз социалдык тармакта

Ысык-Көлдөгү мектептерде ашпоздордун айлыгын көтөрүү сунушталды

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы мектептерде иштеген ашпоздордун айлыгын жогорулатууну сунуштады.

Эл өкүлү бул тууралуу пикирин парламенттин бүгүн, 10-сентябрдагы жыйынында айтып, президенттин жана өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.

"Ашпоздордун айлык-маяналары аз болгондуктан бүгүнкү күнү алар жана алардын жардамчылары "иш таштайбыз" деп анча-мынчалары ишке чыкпай, көйгөй болууда. Алар мектепке таңкы саат 6-7де барып, саат 9да окуучуларга ысык тамак беришет.

Айлык маяналарына кошуп, маселени чечип берүүңүздөрдү суранабыз.

Мурда ата-энелерден акча чогултулуп ашпоздорго берилчү эле. Азыр ага тыюу салынган",- дейт эл өкүлү.

Депутат билдиргендей, Ак-Суу районунда 33 мектеп бар. Бардык билим берүү мекемелеринде мамлекет тарабынан ысык тамак берүү уюштурулган.

10.09.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан