Биз социалдык тармакта

Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңеш Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алды.

Жыйында каттоодон өткөн 86 депутаттын 80и "макул" деп добуш берди.

Эми мыйзам долбоору президенттин кароосуна киргизилет.

Белгилей кетсек, 3-сентябрда Жалал-Абад шаарын Манас деп өзгөртүү боюнча сунушту шаардык кеңештин депутаттары колдогон. Буга удаа калаа мэри шаардын атын өзгөртүү элдин талабы болгонун айткан.

Кечээ, 9-сентябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында "Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө" мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан